Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

Түркияда үч шаардын оппозициячыл мэри кармалды


Анталия, Түркия
Анталия, Түркия

Түркияда оппозициячыл Республикалык-Элдик партиянын мүчөлөрү болгон үч ири шаардын мэрлери камакка алынды.

Бийлик алар өлкөдө жүрүп жаткан коррупциялык иштерди иликтөөнүн алкагында кармалганын кабарлады.

Кармалгандардын арасында түштүктөгү Адана шаарынын мэри Зейдан Каралар, курорттук Антальянын башчысы Мухиттин Бөжек, Адыйаман шаарынын мэри Абдуррахман Тутдер бар.

Алардын баары 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоодо оппозициянын талапкери катары катышып, жеңип чыккан. Мындан улам оппозиция соңку камоолорду бийликтин саясий өч алуусунун уландысы катары баалап жатышат.

Буга чейин Түркиядагы эң ири калаа Стамбулдун мэри, оппозициянын лидери саналган Экрем Имамоглу баштаган бир нече жергиликтүү жетекчилер камалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG