Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Орусия 15тен ашуун аймагы чабуулга кабылганын кабарлады


Дрон чабуулунан кийин чыккан өрттүн түтүнү. Чувашия, Орусия. 5-июль, 2025-жыл.
Дрон чабуулунан кийин чыккан өрттүн түтүнү. Чувашия, Орусия. 5-июль, 2025-жыл.

5-июлга караган түндө Украина тарабынан учкучсуз учактардын жапырт чабуулу жасалганын Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Ага ылайык, Воронеж, Брянск, Белгород, Саратов, Новгород, Курск, Ленинград, Орлов, Ростов, Смоленск, Рязань, Москва, Пенза жана Тула облустарынын үстүнөн 94 дрон атып түшүрүлгөн. Дрон чабуулу Чувашияга да коюлганы айтылды.

Коргоо министрлиги ошондой эле ишемби күнү таңга жуук эки учкучсуз учак Москванын үстүнөн жок кылынганын маалымдады.

Украин армиясы Воронеж облусундагы "Борисоглебск" аскер аэродромун бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Ага ылайык, бул аэродромдо Орусиянын Су-34, Су-35С жана Су-30СМ истребителдери жайгашкан. Чабуулдан соң аэродром аймагында өрт катталганы айтылды.

"Башкаруучу авиабомбалардын кампасы, окуу-аскердик учак жана башка буталар жок кылынды. Соккунун натыйжасы такталып жатат", - деп билдирди штаб.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев кеминде 25 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Саратов облусунун стратегиялык авиация жайгашкан Энгельс шаарына дрон чабуулу жасалды. Аймактын губернатору Роман Бусаргин Telegram каналында чабуулдан Саратов облусунда жана Энгельс шаарында турак-жайлар жабыркаганын жазды. Адамдар арасында жаракат алгандар жок.

Чувашиянын башчысы Олег Николаев эки дрон чабуулу тууралуу маалымдап, алардын бири "ВНИИР" (Буткүл Орусиялык реле курууучу илимий-изилдөө институту - ред) мекемесинин чатырына түшкөнүн билдирди. Анын маалыматына караганда, ишкана июнь айында эле учкучсуз учактын чабуулунан соң ишин токтоткон.

Шерине

XS
SM
MD
LG