"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Парламенттеги башкаруучу коалиция азыркы өкмөттүн тагдыры Кумтөр маселесинен көз каранды экенин айтса, айрым депутаттар азыртан эле Оторбаевдин ордун көздөгөн талапкерлер пайда болгонун айтышууда.
Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү 23-январда АКШга жөнөп кетти. Алар АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугушуп, саясий маселелерди талкуулайбыз деп ачык билдиришүүдө. Бул сапарды уюштурган депутат Равшан Жээнбеков сапар алдында “Азаттыкка” маек курду.
Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү бүгүн АКШга жөнөп кетти. Алардын бул сапары басма сөздө жана интернет коомчулугунда бир топ талкуу жаратты.
Кыргызстандын күч органдары соңку учурда Сирияга кыз-келиндерди да азгыруу аракеттери байкалганын билдирип, ата-энелерди жоопкерчиликке чакырууда.
Кыргызстандагы айрым диний эксперттер “Ислам мамлекети” тобу Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү бүлүнтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, буга атайын каражат бөлүнгөн деген маалымат таратышты.
Башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы тууралуу кептер коомчулукта анын соңку убактагы ишмердиги боюнча кызуу талкуу жаратты.
Өзүм Жапониядан болом, атым Атцуши Куваяма, кыргызча атым Адилет. Тоолуу Нарынга ыктыярчы болуп келип, эки жылдай жашап калдым. Кыргыздын нагыз жашоосуна берилип, ал тургай ошого көнүп алыптырмын. Кайрадан Жапонияга көчүп кеткениме эки жылдан ашты, бирок чынын айтайын Нарындын таза абасын, кыргыз элинин берешен, кең пейилдигин, өзүм жашаган айылды, досторумду сагынып, чыдамым түгөнүп билетке акча чогултуп, 25-декабрда Кыргызстанга кайра келдим.
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Чубак ажы Жалилов башында турган мурдагы муфтияттын Социалдык фондго болгон 12 миллион сом карызын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүшүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясынын Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар мамлекетине болгон расмий сапары аяктады.
Катардагы Кыргыз Club уюмунун башчысы Азамат Кармышаков бул өлкөдө элчилик ачылганына кубанычын билдирип, мигранттар үчүн коопсуз жана жакшы маяна төлөгөн Катар мамлекетине келип иштөөнү башка журтташтарга да сунуштады.
Эмираттарда беш-жети миңдин ортосунда кыргыз бар деп айтылат, бирок консулдук каттоодо эки миң гана жаран турат.
Бириккен Араб Эмираттарындагы Kyrgyz club уюмунун жетекчиси Марс Орозов бул өлкөгө кыргыз элчилиги ачылат деген кабар ал жактагы кыргыздарды да кубандырганын билдирди.
“Президент Алмазбек Атамбаевдин Араб Эмираттарына болгон расмий сапары жемиштүү болду”, - деп билдирди Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” курган маегинде. Ал кыргыз делегациясынын сапары, кыргыз-эмират кызматташтыгы жана ал жактагы мекендештерибиздин турмушу тууралуу маек курду.
Бишкектеги маданий борборлордун биринде ыктыярчы болуп жүргөн швейцариялык кыз аны 7-ноябрь түнү белгисиз таксист зордуктап кеткенин айтып, милицияга даттанды.
Алгач Түштүк Кореяга иштеп кетип, ал жакта да бокс боюнча таймаштарга катышып жүргөн кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев соңку убакта АКШда байма-бай рингге чыгып, катары менен жеңишке жетүүдө.
Москвада атайын жыйынга чогулган кыргыз диаспораларынын башчылары ички иштер министри Мелис Турганбаевден Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштү күчөтүүнү өтүнүштү.
Ушул күндөрү Кыргызстанда сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилүүдө. Тарыхый маалыматтарда 1938-жылы кыргыз интеллигенциясынын 137 өкүлүнөн тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык атылган.
Кыргыз өкмөтү санариптик телеберүүгө өтүү үчүн техникалык даярдык толук бүткөнүн билдирүүдө.
Кыргызстанда бир АКШ долларынын баасы 58 сомго чамалап, улуттук валютанын куну улам төмөндөөдө.
31-август күнү борбордук аянтка кыргыз желегинин сүрөтү түшүрүлгөн кызыл тасма таратуу үчүн барган активисттерди милиция кармап кетип, суракка алды.
Дагы жүктөңүз