Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты.
Кара-Суу районундагы Тенти Кадырбаев мектебинин жылытуу ыкмасы өткөн кылымды эске салат. Айылдагы билим берүү жайын 1998-жылы кыштактагылар ашар жолу менен курушкан. Азыр ар бир класска меш коюп, күнүнө беш жолу от жагылат. Мугалимдер балдар окуган класстагы мештен кээде ыш чыгып жатканына капа.
Кыш чилдесинде жазгы талаа жумуштарын баштаган айылдыктар май айында биринчи түшүмдү алабыз деп тилек кылып турушат. Өткөн жылы бул аймакка кыш эрте келип, кеч күздө эгилген жашылчалар терилбей калган. Бул жылы кар астында калган сабиздер казылып базарга чыга баштаган.
Алай районунда киши колдуу болгон 31 жаштагы милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун сөөгү жерге берилди. Ушул айдын башында Ош облусундагы милиция кызматкерин жарадар кылган дагы бир окуя катталган.
Жаңы президенттен эл эмнени күтөт? Коомчулук кандай талаптарды коюп жатат? "Азаттык" Бишкектин жана аймак тургундарына микрофон сунуп, калктын ой пикирин, мүдөөсүн угуп көрдү.
Ош шаарында 33 үй-бүлө көчөдө калуу коркунучунда турат. 28-январда алар Ош облустук сотунун алдына митингге чыгышты. Шаар тургундары жеке ишкер Нуркул Шырдаков менен соттошуп жатат. Ишкер тургундардын жерин 1998-жылы сатып алганын айтып, алардан үйдү бошотууну талап кылып келүүдө.
Оштун тургуну Абдулла Мадрахимов үйүндө маасы тигет. Ал тиккен бут кийимди атайын издеп келип, алып кеткендер бар. Өтүкчү кыргыз өкмөтү тери ийлей турган цех ачып, кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтсө деген тилегин айтты.
Ош шаарынын борбордук бөлүктөрүндө газдын басымы 50 пайызга азайып кетти. Калаанын айрым райондорунун жашоочулары эки күндөн бери газсыз отурат.
Ош облусунда ВИЧ жуктурган 37 эне ушул жылы наристелүү болду. Энелери дарыланып жаткандыктан ымыркайларга дарт жуккан эмес. Ар бир кош бойлуу айымды кылдат карап, андан дени сак наристе төрөтүп алган дарыгерлердин бир күндүк жумушу жана дарылоо жолдору тууралуу видео баянды сунуштайбыз.
Бексултан Адылбек уулу өзүнө кол салды деген версияга жакындары макул эмес.
Оштогу протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдаган ишканада адистер жетишсиз боло баштады. Мекемеде иштегендердин көпчүлүгү - пенсия курагындагы кызматкерлер. Өлкөнүн түштүк аймагын тейлеген мекеме үч айлык карантин убагында күчөтүлгөн тартипте иштеп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бут кийим жана жасал
Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалды.