"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Оппозиция Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген ишкана, соода жайларын бийлик ар кандай жолдор менен кысмакка алып жатканын айтып чыкты.
Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаттары анын ишинде жаңы жагдайлар табылганын айтып, Башкы прокуратурадан кайрадан тергөө жүргүзүүнү өтүнүүдө.
Кыргызстандын акыйкатчысы Башкы прокуратураны абактагы кыйноолор боюнча фактыларга кылмыш ишин козгоодон баш тартканы үчүн айыптап, сотко кайрылды.
Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Башкы прокуратураны абактагы кыйноолор боюнча фактыларга кылмыш ишин козгоодон баш тарканы үчүн айыптап, сотко кайрылганын билдирди.
Кыргызстанда бийликке нааразы саясий күчтөр Улуттук оппозициялык кыймылга бириккенин жарыялап, Бишкекте бет ачар жыйынын өткөрдү.
Жалал-Абад облусунун казыяты аймактагы диниятчылардан, имам-молдолордон “ханафи-мазхабынын алкагында иштейбиз” деген маанидеги түшүнүк кат жаздырууда.
Депутаттын тууганынын өлүмү үчүн жакындары дарыгерлерди айыптоодо, ал эми врачтар болсо тажрыйбалуу неврологго кол көтөргөн депутат Мурашевдин жоопкерчилигин кароону парламенттен өтүнүп жатышат.
Дирекция боюнча премьерге суроо көп
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы аны Жогорку Кеңештин депутаты сабаганын айтып, ооруканага жатты.
Дарыгер: «Мени депутат сабап салды, каматам деди»
Жогорку Кеңештин төрт депутаты “Учур” гезитин сотко берип, жалпы эсеби 10 млн. сомдон ашуун акчалай компенсация талап кылышууда.
"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүбүздүн бул жолку каарманы жаш дизайнер, майыптардын укугун коргоп келген активист кыз Үкөй Мураталиева. Үкөй учурда майып кыздардын "Назик кыз" коомдук бирикмесин жетектейт, бир эле учурда сүрөтчү-дизайнер. Ал дайыма бардык жаштарды жашоону сүйүүгө үндөп келет.
28-январда Бишкекте бир катар эксперттер Бажы биримдиги тууралуу жыйын куруп, Кыргызстан бул уюмга кошулса экономикалык ири утушка ээ болорун белгилешти. Бирок бул пикирге көз карандысыз экономисттер караманча каршы.
Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси - муфтий Рахматтулла ажы Эгембердиев муфтиятка жана өзүнө байланышкан соңку жаңжалдар тууралуу ой бөлүштү.
Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек куруп, Бакиевдер менен биргеликте Ошто башаламандык уюштурууга камынууда деген каңырыш кептерди четке какты.
Жол кырсыктары айдан-айга, жылдан-жылга көбөйүп, ага жараша жол коопсуздугу коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. "Азаттыктын" кабарчылары бул көйгөйдүн себептерин ар тараптан сураштырышты.
"Азаттыктын" кабарчылары Жанар Акаев менен Улан Асаналиев ушу күндөрү Украинада жүрөт. Алар 14-декабрдын түнүндө Киевге жетээри менен түз эле Евромайданга барды.
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Улутташтыруу жөнүндөгү жана чыккынчы, коррупционерлерди жоопко тартуунун мөөнөтү эскирбей турган мыйзам долбоорлорун коомчулуктун талкуусуна койду.
Жогорку Кеңеште жол эрежелерин бузган жана алкоголдук ичимдик ичип рулга отурган айдоочуларга айып пулду эселеп көбөйтүү демилгеси козголду.
Москвада улутчулдардын тобу эки кыргызстандык мигранттын кулактарына отвертка сайып кыйнашканы маалым болду.
Дагы жүктөңүз