Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 8-9-июлда мамлекеттик сапар менен Дүйшөмбүгө барат.

Бул тууралуу 7-июлда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген”, - деди Абдумуталип.

Сапардын жүрүшүндө эки мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн маданият ишмерлеринин катышуусунда “Түбөлүк достук” концерти өтөрү маалым болду.

Жапаровдун Тажикстанга сапары тууралуу 30-июнда бул мамлекеттин тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди кабыл алганда белгилүү болгон.

Дагы караңыз

ИИМ райондук прокурордун мурдагы жардамчысын маңзат соодасына айыптап кармадыАятолла Али Хаменеи Израил менен согуштан кийин биринчи жолу эл алдына чыктыОрусиянын үч аэропортунда 400дөн ашуун каттам убактылуу токтотулду УКМКнын мурдагы кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды