Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Түз ободо Орусия Украинага 550дөн ашуун ракета, дрон менен сокку урду. Бутага Киев алынды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:03

6-июлга караган түнү Украинага 157 орусиялык дрондор менен сокку урулуп, алардын 117си атып түшүрүлгөнүн Киевдин Аба күчтөрү билдирди.

“Душмандын дрондору 19 аймакты бутага алганы катталды, ошондой эле атып түшүрүлгөн дрондор эки жерге түштү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Харьковдо дрон чабуулунан эки киши – 46 жаштагы аял жана бир бала жабыркаган.

“2 жаш 8 айлык кыз катуу стресске кабылган. Ага зарыл медициналык жардам берилип жатат”, - деди облустун башчысы Олег Синегубов.

Киев облусунда үч киши жараат алганы маалым болду.

“Дрондун сыныктары 35 жаштагы кишинин далына, колу жана бутуна тийген. 79дагы аял жана 75 жаштагы киши катуу стресске кабылды”, - деп жазды облустун башчысы Николай Калашник.

Анын айтымында, эки көп кабаттуу үй зыян тартып, төрт гараж жана бир унаа күйүп кеткен, үч машина жабыркаган.

Түнкү дрон чабуулдары Запорожье шаарына жана районунда да катталган. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун билдиришинче, соккунун кесепетинен жеке ишкананын имараты, кампа жана айыл чарба техникалар зыян тарткан. Юрковка айылында 89 жаштагы аял жараат алып. үйү жабыркаган.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы орусиялык күчтөр Харьковдо жана Херсондо мурда сокку урулган жерде иштеп жаткан украиналык куткаруучуларды бута алганын билдирди. Мында өрт өчүрүүчү цистерналар зыян тартып, куткаруучуларга эч нерсе болгон эмес.

16:01 4.7.2025

4-июлга оогон түнү Орусиянын Украинага жапырт чабуулу учурунда Польшанын Киевдеги консулдугу да зыян тартты.

«Кечээ Орусиянын жапырт соккусунун кесепети оор болду, өрттөр тутанып, чоң зыян келтирилди. Анын ичинде Киевдеги поляк консулдугу да бар», — деп жазды Х түйүнүнө Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский.

«Президент Трамп, Путин сиздин тынчтыкка келүү аракетиңизге шакаба чегип отурат. Украинага зениттик куралдарды берүүнү калыбына келтирип, баскынчыга каршы катаал санкцияларды киргизиңиз», —деп Сикорский АКШ президентине кайрылды.

Орус армиясы түндө Украинага массалык чабуул коюп, 550дөн ашуун ракета жана дрон менен аткылады. 539 учкучсуз учактын 330у Shahed дрондору, бирөө Х-47М2 "Кинжал" аэробаллистикалык ракета, алтоо баллистикалык "Искандер-М/KN-23" жана "Искандер-К" канаттуу ракетасы экенин Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский негизинен бутага Киев алынганын айтты.

13:57 4.7.2025

4-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага жапырт чабуул коюп, жалпы 550дөн ашуун ракета жана дрон менен аткылашты. 539 учкучсуз учактын 330у Shahed дрондору, бирөө Х-47М2 "Кинжал" аэробаллистикалык ракета, алты баллистикалык "Искандер-М/KN-23" жана "Искандер-К" канаттуу ракетасы.

Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу командачылыгы билдирди.

"Негизги бутага Киев алынды. Эл жыш жашаган сегиз аймакка тогуз ракета жана 63 дрон жана 33 жерге дрон сыныгы түшкөн", - деп жазылган маалыматта.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Киевде кеминде 19 адам жараат алды. Турак жайлар талкаланды.

Баштапкы маалыматтар боюнча украин куралдуу күчтөрү Орусиянын 478 ракета жана дрондорун жок кылган. Анын ичинде 268 Shahed дрону жана эки канаттуу "Искандер-К" ракетасы бар.

Орус армиясы "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен Украинага бейшембиге караган түнү чабуул койгон. Маалыматка караганда 52 учкучсуз аппараттын 22и атып түшүрүлсө, 18 ар кайсы жерде жок кылынган.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объекттерди бутага аларын билдирет.

Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

11:25 4.7.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти бейшемби күнкү орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин журналисттер менен баарлашып жатып билдирди.

Трамп Украинадагы кырдаалга нааразы экенин, АКШ бул өлкөгө көптөгөн курал-жарак бергенин жана муну улантып жатканын кошумчалады. Бирок ал мурдагы президент Жо Байдендин администрациясы Украинага курал-жарак берип атып, АКШнын “казынасын бош калтырганын, эми өзүбүзгө жетерине ишенимдүү болушубуз керек” деп билдирди.

Трамп менен Путин 3-июлда телефондон сүйлөшкөн. Сүйлөшүү дээрлик бир саатка созулганын орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирип, анда эки президент Украинадагы согуш, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз кылышканын кошумчалаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG