Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

"Баш калкалоочу жайлар коопсуз деп ишенгенбиз". Айласы кеткен газалыктар


Израилдин соккусунан кийинки көрүнүш. Газа, 6-июль, 2025-жыл
Израилдин соккусунан кийинки көрүнүш. Газа, 6-июль, 2025-жыл

Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды. Бирок жекшемби күнү өткөн алгачкы жолугушуу майнапсыз аяктады. Дүйшөмбү күнү Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вашингтонго барды.

Өкмөт башчы өлкө ичинде басымга туш болуп жаткан чакта израилдик аскерлердин Газа тилкесинде уланып келаткан операцияларынан күн сайын адам өмүрү кыйылып жатат.

Рейтер агенттигинин палестиналык булактарга таянып тараткан маалыматына караганда, израилдик делегациянын келишим түзүү үчүн ыйгарым укуктары жетишсиз болгону үчүн 6-июлдагы кездешүүдөн майнап чыккан жок.

Тараптардын сүйлөшүүлөрү тикелей эмес, АКШ, Катар жана Египеттин арачылары аркылуу жүрүүдө. Нетаньяхунун айтымында, израилдик делегацияга Тель-Авив кабыл алган шарттардын негизинде жарашууга макул болуу көрсөтмөсү берилген.

Сүйлөшүүлөр жанданганына карабай Израил акыркы күндөрдө Газада аба соккуларын күчөттү.

Дүйшөмбүдө качкындар жайгашкан Ал-Ремал клиникасына ракета тийгенде кеминде алты киши мерт кеткенин Аш-Шифа клиникасынын дарыгерлери билдиришти.

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ жекшембинин кечинде Хан-Юнис шаарынын айланасына бомба ташталарын эскертип, элди коопсуз жерге көчүп кетүүгө чакырды.

Куралдуу күчтөрдүн басма сөз катчысы Авичай Адраи Х социалдык тармагындагы постунда: “Израил тарапка ракета атылган чөлкөмдөргө сокку уруларын”, - жазды жана калкты эвакуация болууга жана кармаш жүрүп жаткан аймактарга кайтуудан карманууга үндөдү.

2025-жылдын 4-июлу. Газа тилкесинин борборундагы Аль-Бурейж лагери Израилдин соккусунан кийин.
2025-жылдын 4-июлу. Газа тилкесинин борборундагы Аль-Бурейж лагери Израилдин соккусунан кийин.


Анын алдында ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги 130 жайды аткылаганын билдирген.
Ишембинин кечинде Газа шаарынын Сабра конушунда качкындар баш калкалаган мектеп да бутага алынган. Ал соккуга Газанын тургуну Хасан ал-Самри күбө болгон:

"Мен күбө болгон соккулар үрөй учурат. Бейкүнөө балдардын колу-буту жулунуп жатты. Биз буга чейин жер которуп келгенбиз, армиянын көрсөтмөсүн угуп, баш калкалоочу жайлар коопсуз деп ишенгенбиз. Эми андай жайлар да улам-улам чабуулдарга туш болуп жатат".

Газа: Израилдин соккусу 30дан көп өмүрдү алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00



Майдын аягында ЦАХАЛдын соккусунан ал жерде бир үй-бүлөдөн алты киши өлгөн.

Өткөн бейшембиде шаардагы дагы бир баш калкалоочу жайда 15 качкын, көбүнчө аялдар менен балдар набыт болгон.

Анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси Израил операциясын жандандырган 18-марттан бери 7 миңге жакын палестиналыктын өмүрү кыйылганын, 24 миңден ашууну жараланганын билдирди. Ал эми 2023-жылдын 7-октябрында башталган согушта жалпы жонунан 57 миңден көп газалык каза тапты.

6-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп үстүбүздөгү аптада Евробиримдикте жана Америкада террордук деп эсептелген ХАМАС тобу менен ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу жөнүндө келишим түзүлүшү ыктымал деп билдирди.

1-июлда америкалык президент Израил 60 күндүк ок атышууну токтотуу келишимине макул болгонун белгилеп, бул сунуш “ХАМАСка соңку ирет” берилип жатканын айткан. Ошол 60 күндүн ичинде анклавдагы согушту биротоло токтотуу жаатында аракеттер көрүлмкөчү.

Ишембиде ХАМАС сүйлөшүүлөргө кайтууга даярдыгын билдирген. Радикал топ Израилдин армиясынын толук чыгып кетишин талап кылып келатат.
Анын алдыңкы күнү ХАМАС радикал тобу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга даярдыгын айткан.

Дүйшөмбүдө Трамп Ак үйдө Биньямин Нетаньяху менен жолукмакчы.

Дональд Трамп жана Беньямин Нетаньяху. Апрель, 2025-жыл
Дональд Трамп жана Беньямин Нетаньяху. Апрель, 2025-жыл

Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери ал ушуну менен америкалык лидер менен үчүнчү ирет жолукканы турат. Бул эки жетекчинин Ирандагы 12 күндүк согуш аяктагандан берки биринчи кездешүүсү болмокчу. АКШнын президенти Газадагы урушка чекит коюу үчүн аракет көрөрүн айтып келатат. Айрым эксперттер 21 айдан бери уланып келаткан согушту токтотуу алда канча кыйын болорун белгилешет.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун улук кеңешчиси Мона Якубян Рейтер агенттигинин кабарчысы менен маегинде төмөнкүдөй пикирин ортого салды:

"Менимче, алар бир нече маселени талкуулашат. Тизменин сап башында Газа маселеси жана Трамптын ал жердеги ок атышууну токтоттуруу аракети турат. Ал мындай каалоосу бар экенин бир нече күндөн бери туюнтуп жатат. Андыктан маселеге көп көңүл бурулат деп ойлойм. Балким кездешүү маалында болбосо да андан көп өтпөй жарашуу келишими тууралуу жарыя болот. Биз буга чейин да андай келишимдер кандайча талкууланганын көрүп келгенбиз. Бул биринчи жолу болуп отурган жок. Балким буга чейинки макулдашуулардай эле болот. 60 күн ок атышпоо режимин киргизүүгө, барымтадагыларды айырбаштоого басым жасалат. Бул ирет израилдик аскерлер башка позицияларга жайгаштырылышы мүмкүн деп маалымдалууда. ХАМАС барымтадагыларды бошоткондо буга чейинкидей жөрөлгө, салтанат өткөрбөйт деген шарт киргизилген деген кабарлар да бар".

Израилдин өкмөт башчысы өз өлкөсүндө басымга туш болуп келатат. Жекшембиде барымтадагы израилдик жарандардын үй-бүлөлөрү кайрадан акцияга чыкты.

"Израилдин өкмөтү ушул аптада келишимге жетишүү үчүн аракет жумшоого тийиш. Премьер-министр Нетаньяхуга кайрылабыз: барымтадагыларды кайтарам деп сөз бергенсиз. Убадаңызды аткарууга убакыт келди. Макулдашуунун шарттарын кабыл алыңыз. Тирүү калган кишилерди барымтадан бошотуу, үйлөрүнө кайтаруу жана согушка чекит коюу келишимин түзүүгө ыйгарымдары бар делегацияны жөнөтүңүз", - деп үндөгөн барымтада каза болгон Аврахам Мундердин тууганы Захиро Шахар Мор.

Жекшембиде Израил жоочулардын колунда кала берген 50 кишинин ичинен көзү тирүү деген 20 туткундун тизмесин жарыялады.

Алар 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салганда барымтага алынган 250 кишинин арасында болчу. Ал күнү 1200дөй израилдик каза тапкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG