Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт


Сары-Челек
Сары-Челек

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34;

Баткен облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19...24, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG